"Кумтөр" казуу иштерине жылдын аягына чейин уруксат алды

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүү"Кумтөр" алтын кени. Архив
Кумтөр алтын кени. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейинки уруксат берүүчү документтин мөөнөтү 31-мартта аяктамак. Кендин профкомунун маалыматы боюнча кенди 1-апрелден тарта консервациялоо маселеси карала баштаган.

БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. "Кумтөр Голд компани" жыл аягына чейин казуу иштерин жүргүзүүгө уруксат алганын Sputnik Кыргызстан агенттигине Мамлекеттик геология жана минералдык ресурстар боюнча агенттик билдирди.

Буга чейинки уруксат берүүчү документтин мөөнөтү 31-мартта аяктамак. 

"Бүгүн компания жыл аягына чейин иштөөгө уруксат берүүчү тийиштүү документтерге ээ болду", — деп айтылат билдирүүдө.

Көп кабаттуу батирлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мамлекеттик ипотекалык компания турак жай үчүн насыя берүүнү баштады
Centerra Gold Inc. компаниясы менен "Кумтөр Голд Компани" (КГК) жабык акционердик коомунун жетекчилиги кенди 1-апрелден тарта консервациялоо маселесин карап жатканын кечээ профком төрагасынын орун басары Калыбек Рыспаев билдирген.

Centerra Gold Inc. компаниясы "Кумтөр" алтын кенинин акциясына 100 пайыз ээлик кылат. 2009-жылдагы макулдашууга ылайык, компаниянын акциясынын 33 пайызы Кыргызстанга таандык. Centerra Gold Inc. Кыргызстан жана Монголияда жайгашкан эки алтын кендин ээси болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0