Мамлекеттик ипотекалык компания турак жай үчүн насыя берүүнү баштады

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүКөп кабаттуу батирлер. Архив
Көп кабаттуу батирлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алгач каражатка Ош жана Жалал-Абад облустарынын тургундары ээ болушат. Компания мамлекеттик насыя алуунун каалагандарды каттоо улантылып жатканын белгилейт.

БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Бүгүн Мамлекеттик ипотекалык компания алгачкы насыяларды бере баштады. Бул тууралуу аталган ишкана билдирди.

Маалыматка ылайык, өкмөттүн "Жеткиликтүү турак жай 2015-2020" программасы боюнча турак жай алуу үчүн насыяларды Жалал-Абад жана Ош облустарында жайгашкан "РСК Банк" менен "Айыл Банк" берүүдө. 

"Насыяны алгачкылардан болуп медицина жана билим берүү тармагында иштегендер алууда. Каражат республиканын бардык аймагындагы социалдык блоктун өкүлдөрүнө берилет. Учурда акча алчулардын саны 185ти түзөт", — деп айтылат билдирүүдө.

Мында Баткен облусунан 14, Жалал-Абаддан 25, Ысык-Көлдөн 15, Нарындан 10, Таластан 10, Ош шаары менен облустан 33, Чүйдөн 30, Бишкек шаарынан 24 кишиге ипотекалык насыя берилет. 

Мекеме мамлекеттик насыя алуунун каалагандарды каттоо улантылып жатканын белгилейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0