Бишкекте таштанды полигону менен акыр-чикир сорттоочу завод курулат

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүТаштанды полигону. Архив
Таштанды полигону. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Борбор калаанын башчысы Албек Ибраимов кечээ Бишкектеги таштанды полигонунун иш менен таанышып чыкты.

БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Бишкекте заман талабына ылайык, таштанды полигону курулат. Бул тууралуу шаар мэри Албек Ибраимовдун аталган жайдын иши менен таанышуу учурунда айтылды.

Жолугушууда полигондо бир катар көйгөйлөр менен бирге атайы техниканын жетишсиздиги курч турары айтылды. Буга карабастан, аталган жай шаардын бардык булуң-бурчунан таштанды кабыл алууда. 

“Жакын арада “Европалык реконструкция жана өнүктүрүү банкы” тарабынан каржыланган долбоор ишке ашып, ага ылайык, экологиялык коопсуздук стандарттарына жооп берген жаңы полигону курулмакчы”, — деп айтылат билдирүүдө. 

Мындан тышкары, жолугушууда Бишкек шаарында биринчи жолу таштанды сорттоочу завод курула турганы белгилүү болду. 

Жаңылыктар түрмөгү
0