Япония "Манас" аэропортун жакшыртууга жардам берет

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Манас" эл аралык аэропорту. Архив
Манас эл аралык аэропорту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Долбоор учуулардын коопсуздугун арттырууга жана аэропорттогу жүргүнчүлөр менен авиакомпанияларды сапаттуу тейлөө үчүн зарыл шарттарды жаратат.

БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. "Манас" эл аралык аэропортунун жабдууларын жакшыртуу" долбоору боюнча гранттык макулдашуу ратификацияланганын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Бишкек — аэропорт Манас унаа жолундагы ремонт иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкек — аэропорт "Манас" жолундагы жарык эки айга өчүрүлөт
Аталган долбоор боюнча кыргыз өкмөтү менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы макулдашууну ратификациялоо боюнча мыйзамга президент Алмазбек Атамбаев кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2016-жылдын 10-мартында кабыл алынган.

Аталган долбоор учуулардын коопсуздугун арттырууга жана аэропорттогу жүргүнчүлөр менен авиакомпанияларды тейлөө үчүн зарыл шарттарды жаратат. 

Мыйзам расмий жарыялангандан он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0