Мээ катырган миллиондук эсеп же мамлекеттик ипотека менен алынган үйдүн баасы канча

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүСкворечники. Архивное фото
Скворечники. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик ипотекалык программа боюнча алынган турак жайдын аяккы баасы жана үстүнө кошуп төлөнүүчү акчанын көлөмүн Sputnik Кыргызстан агенттиги иликтеп көрдү.

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Кыргызстанда Мамлекеттик ипотекалык программа (МИП) иштей баштады. Жакын арада "Жеткиликтүү турак жай" программасы иш жүзүнө ашары күтүлүүдө.

Ага талаптар төмөнкүлөр: максималдуу сумма — 3 миллион сом, пайыздык үстөк — 12-14 пайыз, берилүү мөөнөтү — 15 жыл, үйдүн аянты — 70 (батирлер) жана 150 чарчы метрге (жер үйлөр) чейин. Ипотеканы алгачкылардан болуп үч жылдан кем эмес эмгек стажысына ээ дарыгерлер, мугалимдер жана социалдык кызматкерлер алмакчы.

Соолуктурган сомдук эсеп

Бул ипотека көпчүлүк үчүн жеткиликтүү боло турганын аттуу-баштуу адамдар көп ирет айткан.

"Эсеп боюнча бул 3 миллион сомдук 70 чарчы метр аянттагы үч бөлмөлүү батир болот. Ай сайын 12-15 миң сом төлөнөт. Ал эми бир бөлмөлүү үй сатып алгысы келген бойдоктор үчүн баа андан да төмөн болот. Эгер бир бөлмөлүү батирдин ижара баасы болжол менен 150 доллар десек, бул болжол менен 12-13 миң сомду түзөт. Мында сиз өзүңүздүн үйдө жашап, өз турак жайыңыз үчүн акча төлөйсүз", — деген премьер-министр Темир Сариев.

Sputnik Кыргызстан редакциясы турак жайга дагы канча кошумча акча төлөө керектигин эсептеп көрдү. Ал үчүн мамлекеттик ипотекалык комиссиянын сайтындагы көрсөткүчтөрү пайдаланылды. Эсеп менчик турак жайга ээ болуу үчүн чындап эле 12-15 миң сом жетиштүү болобу, ошону далилдеши керек.

Ар бир эсептеле турган вариантта 30 пайыздын алгачкы төлөм бар деп эсептейли. Бул пайыдздык үстөктүн эң төмөн — 12 пайыз болушу шарттайт.

Чөнтөк-башты кагып…

АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Доллар менен ипотекалык насыя берүүгө тыюу салынды
Ипотека алгач дарыгерлер, мугалимдер жана соцкызматкерлерге арналганын эскерте кетели. Улуттук статистикалык комитеттин акыркы маалыматы боюнча, билим берүү жаатындагы орточо айлык акы 10,2 миң сомду түзсө, саламаттык сактоо менен соцкамсыздоо тармагында маяна көлөмү 9,4 миң сомдун чегинде.

Бир бөлмөгө бир "лимон"

Бишкек менен Оштогу батирлердин баасы белгилүү. Борбор калаадагы начар деп эсептелген үч бөлмөлүү батирлер 33 миң доллардан жогору турса, Ошто 22 миңден 75 миң долларга чейин бааланат.

Ипотека алуучу адам 30 пайыздык алгачкы төлөмдү чогултту дейли. Мамлекет ага убадалаган үч миллион сомду (жалпы сумманын 70 пайызы) берди. Демек, жалпы жонунан 4 миллион 286 миң сом акча алууга (же 58,7 миң доллар) мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бул каражат Ошто элиталык, ал эми Бишкекте жакшы үй сатып алууга жетет. 

Эсти оодурган эсеп

Акча төлөөнүн эки ыкмасы бар: аннуитеттик — белгиленген мөөнөт ичинде ай сайын бир сумманы төлөө жана дифференциалдык — төлөмдүн суммасы ай сайын өзгөрүп турат.

15 жылга алынган ипотека. Биринчи учур:

  • алгачкы төлөм 1 миллион 286 миң сомду түзөт (30 пайыз);
  • ай сайын төлөнүүчү акча — 36 миң сом;
  • насыя боюнча жалпы төлөм — (негизги карыз жана анын үстөгү) — 6 миллион 481 миң сом;
  • насыяга алынган үч миллион сомго кошумча акы — 3 миллион 481 миң сом;
  • үйдүн алгачкы төлөм менен кошо эсептелген аяккы баасы — 7,7 миллион сом (1 миллион 286 миң сом алгачкы төлөм + 3 миллион сом насыя + 3 миллион 481 миң сом кошумча акы).

10 жылга алынган ипотека:

  • алгачкы төлөм 1 миллион 286 миң сомду түзөт (30 пайыз);
  • ай сайын төлөнүүчү акча — 46 миң сом;
  • насыя боюнча жалпы төлөм (негизги карыз жана анын үстөгү) — 5 миллион 160 миң сом;
  • кошумча акы — 2 миллион 160 миң сом;
  • үйдүн алгачкы төлөм менен кошо эсептелген аяккы баасы — 6,5 миллион сом.

15 жылга алынган ипотеканы дифференциалдык ыкма менен төлөө. Экинчи учур:

  • төлөмдөр: биринчиси — 46 миң 666 сомдон тарта төмөндөйт, акыркы транш — 16 миң 833 сом;
  • насыя боюнча жалпы төлөм — 5 миллион 715 миң сом;
  • кошумча акы — 2 миллион 715 миң;
  • аяккы баа — 7 миллион сом.

10 жылга алынган ипотека:

  • төлөмдөр: биринчиси — 55 миң сомдон тарта төмөндөйт, акыркы транш — 25 миң сом;
  • насыя боюнча жалпы төлөм — 4,8 миллион сомдон ашуун;
  • кошумча акы — 1,8 миллион сомдон ашуун;
  • аяккы баа — 6,1 миллион сом.
  • Арзандын тузу татыйбы?

Банк кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
2015-жылы кредит кантип берилген: кызыктуу жети факты
Бишкек менен Оштун кыймылсыз мүлк базары мындан да арзан варианттарды сунуштоого даяр. Борбордо бир бөлмөлүү батирлер 24-32 миң доллар болсо, эки бөлмөлүүлөр 28-48 миңден сатылууда. Түштүктө баа мындан да арзан. Бир бөлмөлүү турак жай 15-23 миң долларга бааланса, эки бөлмөлүүсү 16-25 миң турат. Борбор калаада жер там 30-450 миң доллардан сатылса, Ошто 40-60 миңдин тегерегинде (орточо үй). 

Мисал үчүн абалы орто деп бааланган эки бөлмөлүү батир менен үйдү алып көрөлү.

Бишкекте мындай батирлер жок эле дегенде 30 миң доллар болот (2,2 миллион сом), ошондо насыя 1,5 миллион доллардан бир аз ашат:

  • алгачкы төлөм — 700 миң сом;
  • ай сайын төлөнүүчү акча (аннуитеттик ыкма) — 18,4 миң сом;
  • насыя боюнча жалпы төлөм — 3,3 миллион сом;
  • кошумча акы — 1,8 миллион сом;
  • аяккы баа — 4 миллион сомго чукул.

Дифференциалдык ыкма:

  • алгачкы төлөм — 700 миң сом;
  • алгачкы төлөм — 24,8 миң сом, акыркы транш — 8,6 миң сом;
  • насыя боюнча төлөм — 2,9 миллион сомдон ашуун;
  • кошумча акы — 1,5 миллион сом; 
  • аяккы баа — 3,6 миллион сомдун тегереги.

Ай сайын 15 миң сом төлөө милдеттемесин аткаруу үчүн 23,5 миң доллардын тегерегиндеги турак жай менен чектелүүгө туура келет (бул 1,7 миллион сомдон ашуун каражат, анын 1,2 миллиону — насыя).

Бул суммага Бишкектен же Оштон үй алууга таптакыр мүмкүн эмес. Аталган суммага түштүк борбордон бир же эки бөлмөлүү батир алынса, Бишкекте эптеп-септеп бир бөлмөлүү үйгө жеткирүүгө болот:

  • алгачкы төлөм — 400 миң сом;
  • ай сайын төлөнүүчү акча (аннуитеттик ыкма) — 14,4 миң сом;
  • насыя боюнча жалпы төлөм — 2,6 миллион сомго чукул;
  • кошумча акы — 1,4 миллион сом;
  • аяккы баа — болжол менен 3 миллион сом.

Кана акча?

Эсептөөлөргө ылайык, мамлекеттик ипотекалык программа боюнча алынган насыя үчүн анын өзүнөн 1,5-2 эсе көп акча төлөнүшү шарт, ал эми турак жай үчүн ай сайын төлөнүүчү акча белгиленген 15 миң сомдон ашып кетери айдан ачык болуп калды.

Жаңылыктар түрмөгү
0