БИШКЕК, 29-фев. — Sputnik. "Интергласс" айнек заводу газга болгон 1,1 миллиард сом карызын жоюуга убада бергенин "Газпром Кыргызстан" ишканасы билдирди.
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 24-25-февраль күндөрү завод жетекчилиги менен "Газпром Кыргызстан" ишканасынын өкүлдөрү жолугуп, карызды жоюу маселесин талкуулашкан.
Компаниянын социалдык мааниси эске алынып, буга чейин кескин чаралар көрүлгөн эмес.
Билдирүүдө "Интергласс" белгиленген мөөнөттө карызынан кутулбаса, газ берүү токтотула турганы айтылат.