17:41 19 Үчтүн айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7995
  • EUR102.6837
  • RUB1.1502
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
"Кумтөр": Кыргыз өкмөтү менен Centerra Gold Inc. ортосундагы биргелешкен ишкана (71)
39 0 0

Учурда Centerra Gold Inc. компаниясынын директорлор кеңешинде "Кыргызалтындын" атынан Кылычбек Шакиров бар.

БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. "Кыргызалтын" Centerra Gold Inc. компаниясынын директорлор кеңешине үч талапкерди сунуштап жатат. Алар конкурстук негизде эки этап менен тандап алынганын "Кыргызалтын" ААКтан билдиришти.

Конкурстун жыйынтыгы боюнча Эдуард Кубатов, Нурлан Кыштобаев жана Бектур Сагыновдун талапкерлиги Centerra Gold Inc. компаниясынын директорлор кеңешинин мүчөлүгүнө сунушталды.

Маалыматка ылайык, талапкерлерден документтерди кабыл алуу 2016-жылдын 23-январында башталып, 2-февралда аяктаган. Тандоо эки этап менен жүрүп, жалпысынан 43 арыз келип түшкөн. 

Талапкерлерди ведомстволор аралык комиссия тандаган. Алардын финансы, экономика жана тоо кен тармагында иштеген ишканалар жана англис тилин билүүсү боюнча билими текшерилген.

Аталган талапкерлер кандалык компаниянын кароосуна жөнөтүлдү. Компаниянын ички процедурасынан кийин талапкерлер Centerra Gold Inc. компаниясынын акционерлеринин апрель айында болчу чогулушунда директорлор кеңешинин курамына кабыл алуусу каралат.

Буга чейин Centerra Gold Inc. компаниясынын директорлор кеңешиндеги "Кыргызалтындын" атынан мүчө болгон Калыйнур Садыров менен Эмил Орозбаев өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө арыз жазышкан. Алардын дарегине өз милдеттерин так аткарбай кыргыз тараптын таламын талашкан эмес деген сөздөр айтылган. Учурда Centerra Gold Inc. компаниясынын директорлор кеңешинде "Кыргызалтындын" атынан Кылычбек Шакиров мүчө.

Тема:
"Кумтөр": Кыргыз өкмөтү менен Centerra Gold Inc. ортосундагы биргелешкен ишкана (71)

Тема боюнча

Кумтөрдүн иши мыйзам чегинде көзөмөлгө алынат
Сариев Кумтөр боюнча кеңешме өткөрдү
Белгилер:
мүчө, Кыргызалтын, Centerra Gold Inc

ЭҢ МААНИЛҮҮ