Өкмөт кризиске каршы стандарттуу эмес чараларды көрүүнү пландоодо

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевПремьер-министр Темир Сариев жана Олег Панкратов Бизнес жана инвестиция боюнча кеңештин жыйынында
Премьер-министр Темир Сариев жана Олег Панкратов Бизнес жана инвестиция боюнча кеңештин жыйынында - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Премьер-министр 2016-жылга карата кабыл алынган антикризистик программа бир катар көйгөйлөрдү эске алганын белгиледи.

БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Өкмөт кризиске каршы кошумча жана стандарттуу эмес чараларды көрүшү зарыл экенин премьер-министр Темир Сариев өкмөттүн алдындагы Бизнес жана инвестиция боюнча кеңештин жыйынында билдирди.

Өкмөт башчы Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигинин кошулбаса учурдагы каатчылыкта өлкө абалы бир топ начар болмоктугун белгиледи. 

"Бажы биримдигинин сырткы чек арасы жабылып, өндүргөн товарларды сатуучу базарларга эшик жабылып, иш жүзүндө изоляция абалы жаралмак. Муну менен катар ЕАЭБге кирген өлкөлөрдүн улуттук валюталарынын девальвациясы шартында ата мекендик товарлардын Евразия экономикалык биримдигине экспорту нөлгө түшмөк", — деди Сариев.

Кореялык ишкерлер Кыргызстанда арматура өндүрүүчү завод курууга ниеттенет
Ошондой эле премьер-министр бул маселелерге эмгек мигранттарынын көйгөйү кошулмактыгын билдирди.

Быйылкы жылы туруктуу экономикалык өнүгүүнү сактоо кыйын болоорун белгилеген премьер-министр бул жаатта өкмөт тараптан жаңы жумушчу орундарды түзүү, бизнес үчүн тоскоолдуктарды жок кылуу, инвестиция үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча иш-аракеттер аткарылып жатканын кошумчалады.

Сариев өкмөт 2016-жылга антикризистик программа кабыл алганын жана анда көйгөйлөр эске алынганын билдирди.

"Учурдагы кырдаалда өкмөт кризиске каршы кошумча жана стандартуу эмес чараларды көрүшү керек", — деди өкмөт башчы.

Жыйында премьер-министр пландарды ишке ашыруу үчүн бизнес коомчулуктун сунуштарын угуу абдан маанилүү экенин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0