Салык кызматы бирдиктүү салык декларация кабыл алуу үчүн түнгө чейин иштейт

© Фото / пресс-служба ГНС КРСалык кызматы бирдиктүү салык декларация кабыл алуу борбору. Архив
Салык кызматы бирдиктүү салык декларация кабыл алуу борбору. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул декларацияны иш убактысында тапшырууга жетишпей калган салык төлөөчүлөр үчүн түзүлгөн шарт болуп саналат.

БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Бирдиктүү салык декларациясы күчөтүлгөн режимде кабыл алынып жатканын Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

Тыйындар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Салык кызматынын төрагасы салыкчылардын маянасын ачыкка чыгарды
Маалыматка ылайык, юридикалык жактар үстүбүздөгү жылдын 1-мартына жана жеке жактар 1-апрелге чейин 2015-жылы алынган кирешелер же жер тилкелери жана мүлк объектилери, экономикалык ишмердиктери жана башка маалыматтар тууралуу салык органдарына отчет берүүлөрү керек.

Мындан улам салыкчылар декларацияны учурда түн ортосуна чейин кабыл алып, аны тапшырууда толук жана ар тараптан  көмөк көрсөтүү максатында кезмет уюштурушту.

"Салык кызматы 29-февралга чейинки мезгил ичинде, ошондой эле 22-марттан тартып 31-мартка чейин майрам жана дем алыш күндөрдү кошкондо саат 09.00дөн 24.00гө чейин иштейт", — деп айтылат билдирүүдө.

Бул декларацияны иш убактысында тапшырууга жетишпей калган салык төлөөчүлөр үчүн түзүлгөн шарт болуп саналат.  

Декларацияны өз убагында тапшырбаган жеке жактарга 2000 сом жана юридикалык жактарга 5000 сом өлчөмүндө административдик айып салынат.

Толугураак маалыматты 194 номери жана www.sti.gov.kg сайты аркылуу алууга болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0