Кореялык ишкерлер Кыргызстанда арматура өндүрүүчү завод курууга ниеттенет

© AFP / MARK RALSTON Арматура. Архив
Арматура. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кореялык тараптын айтымында өндүрүлгөн материал ички рынокту гана камсыздабастан, чет өлкөлөргө да сатууга жарайт.

БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Түштүк Корея Кыргызстанга арматура өндүрүүчү завод курууну сунуштады. Бул тууралуу вице-премьер Олег Панкратов менен Бишкек жана Пхохан шаарларынын коомдук кызматташуу ассоциациясынын төрагасы Цой Донг Сондун жолугушуусу учурунда белгилүү болду.

Панкратов эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык жана гуманитардык багытта кызматташууну өнүктүрүү керектигин белгиледи.

"Кыргызстан инвестиция тартууга кызыкдар. Бул боюнча өкмөт бизнес жүргүзүүгө жеңил шарттарды түзүү боюнча аракеттери көрүп жатат", — деди вице-премьер.

Өз кезегинде Цой Донг Сон кореялык ишкерлердин Кыргызстанга болгон кызыгуусу күч экенин айтып, бир катар долбоорлорду ишке ашыруу боюнча сунуштар бар экенин кошумчалады.

"Металлургия жаатында кореялык компаниялар жаңы технологияларга ээ. Мындан улам арматура заводун курууну сунуштайбыз. Ишкана жылына 72 миң тонна арматура өндүрүүгө жөндөмдүү болот. Бул ички рынокту эле камсыздабастан, коңшу өлкөлөргө да экспорттоого жетет", — деди Цой Донг Сон.

Жолугушуунун жыйынтыгы менен тараптар аталган заводду куруу боюнча сүйлөшүүлөрдү улантуу зарылдыгын белгилешти.

Жаңылыктар түрмөгү
0