Кыргызстанда ички дүң продукциянын көлөмү 10,7 пайызга төмөндөдү

Жазылуу
ИДПнын көлөмүнүн төмөндөшү өнөр жай, транспорт ишмердиги жана жүктөрдүн сакталып турушуна байланыштуу болуп жатат.

БИШКЕК, 18-фев. – Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын январь айына карата өлкөдөгү ички дүң продукциянын (ИДП) көлөмү өткөн жылдын биринчи айына салыштырмалуу 10,7 пайызга төмөндөдү. Бул тууралуу маалымат Улуттук статистикалык комитеттин расмий сайтына жарыяланды. 

"Алдын-ала маалымат боюнча 2016-жылдын январь айына карата ички дүң продукциянын көлөмү 22,9 миллиард сомду түздү", — дейт Улуттук статистикалык комитет. 

ИДПнын көлөмүнүн төмөндөшү өнөр жай, транспорт ишмердиги жана жүктөрдүн сакталып турушуна байланыштуу болуп жатканы маалыматта айтылат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0