Дыйкандарга күйүүчү май эки сомго чейин арзан баада сатыла баштады

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүБензин куюу. Архив
Бензин куюу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Майды төмөндөтүлгөн баада алуу үчүн дыйкандар эки миң литрден жогору көлөмдө алуулары керек болот.

БИШКЕК, 14-фев. – Sputnik. Дыйкандарга күйүүчү май эки сомго чейин төмөнкү баада сатыла баштады. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси Улан Кулов билдирди.

"Февраль айынан майга чейин дыйкандарга дизелдик май менен АИ-80 үлгүсүндөгү бензин рыноктук баага салыштырмалуу эки сомго чейин төмөнкү баада сатыла баштады", – дейт Кулов.

Кызылча чогултуу иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Быйыл фермер-дыйкандарга 12 млрд. сом насыя түрүндө берилет
Анын айтымында күйүүчү майды төмөндөтүлгөн баада алуу үчүн дыйкандар эки миң литрден жогору көлөмдө алуулары керек болот.

Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей, жазгы айдап-себүү иштерине жалпы 40 миң 500 тонна күйүүчү май керектелет. Кыргыз нефтетрейдерлер ассоциациясы менен түзүлгөн келишим боюнча керектелген күйүүчү май дыйкандарга "Газпром Кыргызстан" ишканасы тарабынан жетиштүү көлөмдө сатыкка ыгарылат.

Ал эми азыртан тарта күйүүчү май алууну көздөгөн дыйкандар жергиликтүү Айыл өкмөткө барып маалым кат алуулары керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0