ЕАЭБ алкагында 2025-жылдан баштап газдын жалпы рыногу иштей баштайт

© Sputnik / Александр Демьянчук / Медиабанкка өтүүГаз плитасы жана акча. Архив
Газ плитасы жана акча. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Газдын жалпы рыногунун түзүлүшү Биримдик өлкөлөрүнүн ортосунда газдын эркин жүгүртүлүүсүн, ага болгон баанын турукташуусун жана газ менен калкты үзгүлтүксүз камсыз кылууну шарттай турганы айтылды.

БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Евразиялык экономикалык комиссия (ЕЭК) ЕАЭБ алкагында газдын жалпы рыногун түзүү боюнча концепцияны жактырды. Бул тууралуу аталган комиссиянын маалымат кызматы билдирди.

ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура министри Данил Ибраев документ ЕАЭБ жөнүндөгү келишимдин негизинде иштелип чыкканын билдирди. Аталган концепция быйыл иштелип чыгып, 2018-жылга чейин жалпы рынок түзүү боюнча программа даяр болушу зарыл. Андан кийин биримдикке мүчө мамлекеттер эл аралык келишимге кол коюп, анын 2015-жылга чейин ишке кирүүсүн камсыздайт.

"Мындан улам 2024-жылга чейин ЕАЭБ өлкөлөрүндө толук кандуу биржалык рыноктор түзүлүп, пилоттук долбоорлор ишке ашырылышы керек. Мындан тышкары, өз ара соода-сатык эрежелери иштелип чыгып, маалымат алмашуу системасы түзүлүшү зарыл", — деди Ибраев.

Маалыматка ылайык, газдын жалпы рыногу Биримдик өлкөлөрүнүн ортосунда газдын эркин жүгүртүлүүсүн, ага болгон баанын турукташуусун жана газ менен калкты үзгүлтүксүз камсыз кылууну шарттайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0