Быйыл фермер-дыйкандарга 12 млрд. сом насыя түрүндө берилет

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүКызылча чогултуу иштери. Архив
Кызылча чогултуу иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Премьер-министр айыл чарба тармагындагы дыйкандарды колдоо максатында өкмөт жеңилдетилген насыя берүүнү улантарын белгиледи.

БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Быйыл 12 миллиард сомго чейинки каражат насыя түрүндө бериле турганын Жогорку Кеңештин жазгы талаа жумуштарына даярдык маселесин талкуулаган жыйынында премьер-министр Темир Сариев билдирди.

Өкмөт башчы айыл-чарба тармагында дыйкандарды колдоо максатында жеңилдетилген насыяларды берүү улантыларын айтып, быйылкы жылдан тарта насыянын мөөнөтү эки жылдан үч жылга узартылып, 10 пайыз менен берилип жатканына токтолду.

"Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду аркылуу 12 пайыз менен жеңилдетилген насыялар берилет. Быйылкы жылга 12 миллиард сомго чейинки каражат насыяга каралган. 100 миң сомго чейинки насыяны күрөөсүз бериле баштады", — деди Сариев.

Расмий маалымат боюнча былтыркы жылы 9980 субъектиге 3,8 миллиард сом жеңилдетилген насыя берилген. Ал эми өкмөт тарабынан 2011-жылдан бери 51 миңден ашуу айылдык ишкерлерге 13 миллиард сомдук насыя каражаты берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0