Сузакта кум жана шагыл кенине аукцион жарыяланды

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүКарьерде кен табуу иштери. Архив
Карьерде кен табуу иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аукционго жалпы жонунан Жалал-Абадда жайгашкан кендин жети участогу коюлган.

БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Мамлекеттик геология жана минералдык ресурстар боюнча агенттик Сузак районундагы "Көк-Арт" кум жана шагыл кенине геологиялык чалгындоо жүргүзүү үчүн аукцион жарыялаганын аталган мекеме билдирди.

Негизинен аукционго Жалал-Абадда жайгашкан кендин жети участогу коюлду. 

Иш-чара 31-март күнү саат 12.00дө Сузак районунун администрациясында өтөт. Аукционго катышууну каалагандар мекемеге 28-мартка чейин кайрылышы керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0