20:03 06 Кулжа 2020
Түз эфир
  • USD74.2343
  • EUR84.1186
  • RUB1.0816
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
35 0 0

Марттан баштап киргизиле турган жаңы мыйзамга ылайык, ЕАЭБ алкагында соода кылган импортер менен экспортерлор чек арадан өтүүчү товарлары тууралуу салык кызматын алдын ала маалымдар кылууга тийиш.

БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. ЕАЭБ алкагындагы соодагерлер товарлардын чек арадан өткөрүлө турганын алдын ала Салык кызматына кабарлоого тийиш. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мындай жаңылык үстүбүздөгү жылдын 10-мартынан баштап ишке киргизилет. 

Мында Кыргызстандын мамлекеттик чек арасы аркылуу транспорттук каражаттар менен товарларды ташып келүү же ташып кетүү ишмердиги менен алектенген уюмдар жана жеке жактар толтуруп жүргөн мамлекеттик контролдон өтүү жөнүндө талон жокко чыгарылат.

Жаңы саамалык импорттук товарлардын толук эсебин алууну жана ата мекендик өндүрүүчүлөр үчүн бирдей атаандаштык шартын түзүүнү камсыз кылууну көздөйт. 

Көрсөтүлгөн тартипке ылайык, автоунаа, темир жол же аба унаалары менен ишкердик ишин жүзөгө ашыруу максатында Кыргызстандын чек арасы аркылуу товар ташып өтүүгө ниеттенген салык төлөөчү бул тууралуу салык органдарына алдын-ала кабарлоосу зарыл. 

Бул үчүн импортер/экспортер тарабынан ишкердик ишти жүзөгө ашыруу максатында товарлардын өткөрүлө тургандыгы тууралуу алдын-ала кабарлама 3 нускада толтурулуп, салыктык катталган орду боюнча салык органына тапшырылат. Бул товарды алып өтө турган датага чейин 30 күндүн ичинде ишке ашырышы керек. 

Салык органы кабарламаны карап чыгып, туура толтурулушу, салык төлөөчүнүн салыктык каттоосунун болушу, иштин буга чейинки мезгили үчүн салыктык отчёттордун тапшырылышы текшерилгенден кийин кабарламаны күбөлөндүрөт.

Мында күбөлөндүрүлгөн кабарламанын бир нускасы салык органында калат, экинчи жана үчүнчү нускасы салык төлөөчүгө берилет. Кийин документ чек ара кызматына же Кыргыз Темир жолунун жана "Манас" эл аралык аэропортунун жооптуу адамдарына көрсөтүлөт.

Кыргызстан аркылуу товарларды транзиттөөдө кабарлама толтурулбайт. Ташылып келүүчү жана ташылып кетүүчү товарлардын тизмеги, көлөмү жана алып өтүү жыштыгы өкмөттүн токтому менен бекитилген. Тизме менен жергиликтүү салык органдарынан, www.sti.gov.kg сайтынан же 194 телефону аркылуу таанышууга болот.

Тема боюнча

Сариев: айыл чарба тармагы үчүн 100 миң сомго чейинки насыялар күрөөсүз берилет
Белгилер:
товар, импорт, экспорт, салык, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ