"Манас" АКШдан калган транзиттик борбордун мүлкүн баалоо үчүн 2 млн. сом бөлөт

© Sputnik / Табылды КадырбековМурунку "Манас" транзиттик жүк ташуучу борбору. Архив
Мурунку Манас транзиттик жүк ташуучу борбору. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2014-жылы "Манас" транзиттик жүк ташуучу борбор жоюлуп, мүлкүнүн айрым бөлүгү өкмөттүн карамагына өткөн.

БИШКЕК, 10 фев — Sputnik. "Манас" Эл аралык аэропорту" ачык акционердик коому АКШдан калган Транзиттик жүк ташуучу борбордун мүлкүн баалоо үчүн 2,1 миллион сом жумшай турганы тууралуу маалымат Мамлекеттик сатып алуулардын сайтына жайгашкан.

Манас Эл аралык аэропорту. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Манас" аэропорту бүгүн үч миллионунчу жүргүнчүнү тейледи
2001-жылы Кыргызстандын аймагында Питер Ганси атындагы авиабаза ачылып, ал жакта Афганистандагы террористтик аракетке каршы багытталган өнөктүктүн алкагында эл аралдык коалициялык күчтөр жайгашкан. 2009-жылы база "Манас" Транзиттик жүк ташуучу борбор болуп кайра түзүлгөн. Ал кыргыз-америкалык макулдашуу денонсациялангандан кийин 2014-жылы биротоло жабылган.

Порталда "ТЖБдон келген имараттарды жана курулуштарды баалоо кызматы. Пландаштырылган сумма — 2,1 миллион сом" деп жазылып турат.

Буга чейин аталган борбор 30 миллион долларлык мүлкүн берип жатканы тууралуу айтылган. Тизмеге жабдуу, имараттар жана генераторлор кирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0