Ишкерлердин мамлекетке карызы 1,4 млрд. сомду түздү

© flickr.com / Hans SplinterМонеталар. Архив
Монеталар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Салыктык карыздын үч бөлүгү — бул кайтарууга мүмкүн болбогон карыз. Өткөн жылы мажбурлоо менен 2,5 миллиард сом салык төлөнгөн.

БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Салык боюнча жалпы карыздын өлчөмү 1,4 миллиард сомду түздү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

Өткөн жылы өлкө боюнча 10 миң 750 ишкана салыктык көзөмөлдөн өткөн. Натыйжада мамлекеттик бюджетке 5,9 миллиард өлчөмүндөгү кошумча салык төлөмү төгүлгөн.

"Үстүбүздөгү жылдын 1-январына карата салыктык карыздын көлөмү 1,4 миллиард сомду түздү. Алардын ичинен кайтарууга мүмкүн болбогон салыктык карыз 430,6 миллион сом болду”, — деп айтылат билдирүүдө.

Өткөн жылы 2,5 миллиард сом салыктык карыз мажбурлоо жолу менен төлөтүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0