КР Айыл чарба министрлиги: Иран төө буурчакты сатып алууга ниети бар экенин билдирди

Жазылуу
Эки тараптуу сүйлөшүүлөр жыйынтыкталып, келишим түзүлүп калса, министрлик тарабынан дыйкандарга толук маалымат берилет.

БИШКЕК, 7-фев. – Sputnik. Иран Кыргызстандан "түстүү" төө буурчакты 50-60 сомдон сатып алууга ниети бар экенин билдирди. Бул тууралуу Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин маалымат кызматынын өкүлү Төлөгөн Сулайманов Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

Маалыматка ылайык, Айыл чарба жана мелиорация министрлиги Иран менен төө буурчакты сатуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келген. 

"Иран төө буурчактын түстүү түрүн алууга ниети бар экенин билдирди. Бирок, Кыргызстанда мындай түрдөгү төө буурчак талап кылынган өлчөмдө жок болууда. Ал эми ирандыктар 20 миң тоннадан жогору алышаарын билдиришкен", — деп билдирет Сулайманов. 

Эгер эки тараптуу сүйлөшүүлөр жыйынтыкталып, келишим түзүлүп калса, дыйкандарга толук маалымат берилээри тууралуу маалымат кызматынын өкүлү кошумчалады. 

Эске салсак, өткөн жылы төө буурчакка болгон баа кыйла төмөндөп бир килограммы 28-30 сомду түзгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0