07:25 20 Теке 2018
Түз эфир
  • USD68.2210
  • EUR79.2319
  • RUB1.0782
Курулуш иштери. Архив

Жерди ижарага алган инвесторлорго кошумча милдеттемелер коюлууда

© Sputnik / Александр Кряжев
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
31 0 0

Инвесторлор жалпы пайдалануудагы жерлерди бир катар милдеттемелерди аткаргандан кийин гана ижарага алышы мүмкүн. Мында ижаранын мөөнөтү беш жылдан 15 жылга чейин узармакчы.

БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңеш Жер кодексине өзгөртүүлөрдү киргизип жатат.

Парламенттин расмий сайтында "Өнүгүү — Прогресс" ракциясынан депутат Мирлан Бакиров демилгелеген мыйзам долбоору коомдук талкууга алынып чыкты.

Депутат мындай демилгеге эс алуу жайларынын аздыгы жана тургундардын саны көбөйүп жатканы себеп болгонун айтып берди.

Киргизилген өзгөртүүлөргө "Объектини же жер тилкесин инвестициялык ижарага алуу" деген түшүнүк бар. Мыйзам долбоор боюнча эс алуучу жай жана парктардын жер тилкелерин курулуш куруу, жеке менчик жана субижарага берүүгө тыюу салынат. Мындай жерлер балдар аянтчаларын, спорттук курулуштарды курууга гана берилмекчи.

Ошол эле жаңы кодексте жалпы пайдалануудагы калк жашаган жерлерде акы төлөнүүчү унаа жайларын уюштурууга тыюу салынат. Мындан тышкары, жалпы пайдалануудагы жерлер инвестициялык ижарага берилүүсү каралган. Анын мөөнөтү 15 жылга чейин узарышы мүмкүн. Мында бул жерде курулган бардык курулуштар жергиликтүү бийлик органдарынын балансына өткөрүп берилүүсү тийиш.

Ошол эле учурда ижарага жер алган жаран ошол аймакты жашылдандырып, балдар аянтчасын курууга милдеттендирилет. Мындай акмак ижарага алынган жердин 45 пайызын ээлеши керек.

Киргизилген нормалар 15 жыл сайын парктардын материалдык-техникалык базасын жаңылоого шарт түзөрү айтылат.

Тема боюнча

ТИМ: ГЭС боюнча Россия менен макулдашууну денонсациялоонун саясий себеби жок
Белгилер:
курулуш, парк, жер, ижара, мыйзам
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ