Доллардын баасы 73 сом болду

Жазылуу
Өткөн жылдын соңку айларынан баштап доллардын баасы 76 сомдун чегинде кармалып келген.

БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Бишкекте доллардын куну кескин төмөндөп жатат. Акыркы маалыматтар боюнча борбордогу акча алмаштыруучу жайлар америкалык валютаны 72,5 сомдон сатып алып, 73 сомдон сатууда.

Эки күндүн ичинде доллар 2,5 сомго арзандады. 

Эскерте кетсек, эки ай бою доллардын баасы 76 сомдун чегинде кармалып турду, бирок акыркы күндөрү арзандап бара жатканы байкалууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0