Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду түштүк аймакка үй куруу үчүн жер караштырууда

© Sputnik / Евгений Епанчинцев / Медиабанкка өтүүКуруучу. Архив
Куруучу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки күндүк иш сапардын алкагында фонд өкүлдөрү Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарынын жетекчилиги менен жолугуп, жер тилкелерин карап чыгат.

БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Кыргыз-орус өнүктүрүү фондусунун жетекчилиги Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарына эконом класстагы турак жай куруу үчүн жер тилкесин караштыруу максатында аталган аймакка жөнөп кетти. Бул тууралуу фонд билдирди.

Маалыматка ылайык, иш сапар 2-3-февраль күндөрүнө белгиленген. Фонд өкүлдөрү аталган дубандардын жетекчилиги менен, шаар мэрлери менен жолугушуп, эки шаарда турак жай куруу жана аймактагы ири ишканаларга насыя берүү маселелерин талкуулайт.

"Фонддон түштүк аймактын ишкерлери ушу кезге чейин 12 пайыздык үстөк менен 247 миллион 498 миң сом насыя алды. Каражат негизинен мал чарбачылыгы, курулуш материалдарын өндүрүү жана тигүү өндүрүшү менен алектенген жактарга берилди", — деп айтылат билдирүүдө.

Фонд буга чейин турак жай куруу үчүн Ысык-Көл, Нарын жана Талас облустарын кыдырып чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0