Валюта насыясы боюнча ишкана менен жарандардын карызы 650 млн. доллардан ашты

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүКредит берүү жайы. Архив
Кредит берүү жайы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандыктардын 23 миңи коммерциялык банктардан чет элдик валюта менен насыя алган. Жеке жактардын жалпы карызы 345 миллион долларды түзөт.

БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Коммерциялык банктар тарабынан ишкана жана жеке жактарга берилген валюта насыяларынын жалпы көлөмү 657 миллион долларды түзгөнүн Улуттук банктын расмий өкүлү Раушан Сейткасымова билдирди.

Анын айтымында, буга чейин сом жана чет элдик валюта менен алынган насыялардын көлөмү бирдей болсо, учурда долларлык насыянын үлүшү жогорулап кеткен.

"1-январга карата насыялар 657 миллион долларды түздү. Ал эми жеке жактардын карызы 345 миллион долларга жетет. Негизинен акча соода жана коммерция жүргүзүү үчүн алынат. Андан кийинки орунду ипотека ээлесе, үчүнчү болуп айыл чарба турат", — деди өкүл.

Чет элдик валюта менен насыя алган жеке жактардын саны 23 миңди түзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0