Улуттук банк сомду тепсендиде калтырбайт

Жазылуу
Акыркы эки жыл ичинде сом долларга карата 50 пайызга арзандады. Курсту турукташтыруу жана чет элдик валютага суроо-талапты канааттандыруу үчүн жыл башынан бери 77 миллион доллар сатылды.

БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Улуттук банк экспортерлорду колдоп дайым эле улуттук валютага девальвация жасай бербей турганын башкы финансылык мекеменин расмий өкүлү Раушан Сейткасымова билдирди.

Анын айтымында, 2010-2011-жылдары экспортелорду колдоо үчүн девальвация жасалып келген, анда сомдун куну 11 пайызга гана арзандаган. Ал эми акыркы эки жыл ичинде сом 50 пайызга түшүп кетти.

"Экспортелорду дайым эле колдой берүүгө болбойт. Бул абалдан чыгуунун жолу эмес. Жаңы рынок менен кардарларды табуу зарыл", — деди Сейткасымова.

Улуттук банктын өкүлү интервенциялар чет элдик валютага суроо-талап күчөгөндө гана жасаларын белгиледи.

"Кыш айларында сезондук суроо-талап күчөйт. Анткени нефть менен газды импорттойбуз. Интервенциянын көлөмү да кадимки көрсөткүчтүн чегинде. Кээде бир айда 100 миллион долларга чейин сатылган учурлар кездешчү. 77 миллион доллар — бул орточо сумма", — деди ал.

Сейткасымова жайында туристтик сезондон улам сом кымбаттай турганын божомолдоду.

Жаңылыктар түрмөгү
0