Улуттук банк бир күндүк тыныгуудан кийин кайрадан интервенция жасады

© Фото / пресс-служба НБКР Улуттук банк алдындагы темир тактача. Архив
Улуттук банк алдындагы темир тактача. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйылкы жылдын эсеби менен алганда Улуттук банк 17 ирет валюта саткан. Анын жалпы суммасы 64,3 миллион долларды чапчыды.

БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Улуттук банк 27-январды эсепке албаганда, жыл башынан тарта иш күндөрү валюта рыногунда долларды үзгүлтүксүз сатып турду. Бул туурасында финансы институтунун сайтында маалымдалды. 

Өткөн жылы Улуттук банк 40 ирет интервенция жасаса, анын 35инде долларды сатыкка чыгарган. 

Жыл башынан бери Улуттук банк 62,5 млн доллар сатты
Бүгүн 1 млн. 850 миң доллар чыгарды. Ал эми жыл башынан бери валюта рыногуна чыгарылган жалпы сумма 64 миллион 350 миң долларды түздү. Быйылкы жылы Улуттук банктын 17 ирет валюта сатты. 

Доллардын расмий курсу бир аз өсүп, 75,89 сомду түздү. 

ЕАЭБдин башка өлкөлөрүндө валюта курсу тескерисинче, бекемделди.

РФтин Борбордук банкы доллардын орус акчасына карата катышы 1,63 рублга түшүп, 77,3674 рубль болгонун РИА Новости Россиянын банкына шилтеме берүү менен жарыялады.

Казакстандын фондулук биржасы маалыматы боюнча доллар 3,94 теңгеге арзандап, наркы 371,55 теңгени түзгөн.

2016-жылдын башынан бери доллар, евро, рубль жана теңге курсунун сомго карата өзгөрүүсүн Sputnik инфографикасында көрүңүз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0