Кыргыз-орус фондусу бизнес-долбоорлорду кароого киришти

© Sputnik / Игорь Агеенко / Медиабанкка өтүүҮй куруучу. Архив
Үй куруучу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз-орус өнүктүрүү фондусунун өкүлдөрү жергиликтүү элдин бизнес-долбоорлору менен таанышуу үчүн аймактарга чыкты. Аталган долбоорлорго болжол менен 15 миллион сомго жакын каражат каралган.

БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Кыргыз-орус өнүктүрүү фондусунун жетекчилиги турак-жай программасынын алкагындагы эконом-класстагы үйлөр курула турган жерди көрүп жана ишкерлер менен жолугуу максатында Нарын жана Талас облустарында жүрөт. Бул туурасында аталган фондунун маалымат кызматы билдирди. Чакан жана орто бизнести колдоо программасынын алкагында облуста иштеген компаниялар аталган фондудан 12 пайыз менен 15 миллион 750 миң сом кредит алган.

Кыргыз-орус өнүктүрүү фондусунун кызматкерлери өкмөттүн Нарын, Талас облустарындагы өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилери, шаар башчылары жана акимдер менен жолугат.

Жаңылыктар түрмөгү
0