Улуттук банк жыл башынан бери 59 млн. доллар сатты

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүАКШ доллары. Архив
АКШ доллары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук банктын маалыматы боюнча доллардын куну бир аз жогорулады. Жыл башынан бери башкы финансылык мекеме 15 ирет валюта базарына чыккан.

БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Жыл башынан бери Улуттук банк 59 миллион 50 миң долларды сатыкка чыгарганын мекеменин расмий сайтында жарыяланды.

Өткөн жылы валюта курсун турукташтыруу үчүн Улуттук банк (УБ) 40 жолу интервенцияга чыгып, анын 35 жолкусунда долларды сатыкка койгон.

Дүйшөмбү күнү УБ финансы базарына 5,2 миллион доллар сатты. Башкы мекеме жыл башынан тарта базарга күн сайын чыгууда. Натыйжада интервенциянын жалпы суммасы 59 миллион 50 миң долларды түздү.

Тыйындар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Moody's КРдин быйыл тышкы карызы боюнча абалы туруктуу болорун божомолдойт
Интервенциядан тышкары УБ колдогу долларды салып, кассигнацияда да чыккан. Бирок бул операциянын суммасы көрсөтүлгөн эмес.

Учурда доллардын расмий курсу 75,89 сом чегинде белгиленип, 0,02 пайызга кымбаттады. Акча алмаштыруу жайларында доллар 75,85 сомдон сатып алынып, 76,03 сомдон сатылууда.

ЕАЭБ мамлекеттеринде да доллардын курсу өзгөргөнү айтылууда. Москва биржасына таянуу РИА Новости агенттиги жазып чыккан маалыматка ылайык, шейшемби күнү Россияда доллар 1,1 рублге кымбаттап, 79,12 рублди түздү. Ал эми KASE агенттигинин маалыматы боюнча Казакстанда чет элдик валюта 8,27 теңгеге арзандап, 372,89 теңгеге бааланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0