Евразиялык өнүктүрүү банкы Токтогул ГЭСинин кубаттуулугун жогорулатууга көмөктөшөт

Жазылуу
Токтогул ГЭСинин учурдагы кубаттуулугу 1200 мегаватты түзөт. Реконструкция үчүн 100 миллион доллардын бөлүнүшү каралууда.

БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Токтогул ГЭСинин кубаттуулугу 60 мегаваттка чейин жогорулоосу каралган макулдашууга кол койгонун өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Сариев: электр энергиясындагы жоготууларды төмөндөтүү зарыл
Буга Евразия өнүктүрүү фондусунун инвестициялык каражатынан акча бөлүнөрү белгилүү болду. Макулдашуу Кыргызстан менен Евразиялык өнүктүрүү банкынын ортосунда 2015-жылы Бишкекте түзүлгөн.

Долбоордун алкагында "Электр станциялары" ишканасы үчүн системаны ишке иштеп чыгып, аны ишке киргизүү жана ресурстарды пландаштыруу, инвентаризация жүргүзүү жана комплекстүү өнүгүүнүн башкы планын даярдоо пландаштырылууда.

Учурда Токтогул ГЭСинин кубаттуулугу 1200 мегаватты түзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0