ТИМ: ГЭС боюнча Россия менен макулдашууну денонсациялоонун саясий себеби жок

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Нарын каскады курулуучу аймак. Архив
Жогорку Нарын каскады курулуучу аймак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министрлик Кыргызстан Россиянын алган милдеттемелерди аткара албай калганын түшүнүү менен кабыл алганын белгиледи.

БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Камбар-Ата-1 ГЭСин жана Жогорку Нарын каскаддарын куруу жана эксплуатациялоо боюнча Россия менен жетишилген макулдашууну денонсациялоонун саясатка байланышы жок экенин Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Компьютер жана микрофон менен жайгашкан жумуш ооруну. Архив - Sputnik Кыргызстан
ЖК Жогорку Нарын каскаддары боюнча РФке $37 млн. кайтаруу боюнча иликтөө жүргүзүүнү сунуштайт
Жума күнү президент Алмазбек Атамбаев аталган макулдашууну денонсациялады. Өткөн жылдын соңунда өлкө башчы Россиянын учурдагы экономикалык абалы курулуш боюнча алган милдеттемелерин аткарууга мүмкүнчүлүк бербей турганын билдирген. Андан кийин өкмөт макулдашууну денонсациялоону демилгелеп чыккан. Парламентте документ 20-январда колдоого алынган.

Бул мыйзамдардын күчүнө кириши менен дипломатиялык каналдар аркылуу россиялык тарапка маалымат жөнөтүлүп, аталган макулдашуу алты айдан кийин жоюлат. 

"Кыргыз тарап эки макулдашуунун денонсацияланышы эч бир саясий окуяга байланыштуу эмес экенин бир нече ирет айткан", — деп айтылат билдирүүдө.

Россиялык тарап макулдашууну ишке ашыруунун кыйынчылыгын глобалдуу экономикалык каатчылык менен байланыштырууда. 

Министрликтин айтымында, Кыргызстан россиялык тарапка алган милдеттемелерин аткарууга тоскоолдук кылган кыйынчылыктарды түшүнүү менен кабыл алганын белгилейт. 

Эскерте кетсек, Жогорку Нарын каскаддарын жана Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу боюнча макулдашууга 2012-жылы кол коюлган.

Жаңылыктар түрмөгү
0