Жыл башынан бери Улуттук банк 54 миллион доллар сатты

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүАКШ доллары. Архив
АКШ доллары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үстүбүздөгү жылды эле алганда, Улуттук банк ар бир жумада интервенция жасап келет.

БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Жыл башынан бери Улуттук банк 53 миллион 850 миң доллар сатты. Бул тууралуу аталган финансылык институттун сайтына жарыяланды.

Өткөн жылы Улуттук банк валюта наркын жөнгө салуу үчүн 40 жолу интервенция жасаса, анын 35 учурунда доллар саткан. 

АКШ доллары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Улуттук Банктын резерви өткөн жылы дээрлик 100 млн. долларга азайган
Жума күнү Улуттук банк 5,4 миллион доллар соодалады. Январь айында рынокко 14 жолу чыгарып, башкача айтканда, ар бир иш күнүндө сатылган валютанын жалпы көлөмү 53 миллион 850 миң долларды түзгөн.

Эске салсак, интервенциядан сырткары Улуттук банк кассигнация кылган, башкача айтканда, накталай доллар саткан. Бирок, анын суммасы көрсөтүлгөн эмес.

Белгилей кетчү нерсе, ЕЭАБдеги өнөктөш өлкөлөрдүн улуттук валюталары бекемделди. РФтин Борбордук банкы доллардын орус акчасына карата катышы 3,02 рублга түшүп, 80,5714 рубль болгонун РИА Новости Россиянын банкына шилтеме берүү менен жарыялады.

KASEнин (Казакстандын фондулук биржасы) маалыматы боюнча доллар 2,75 теңгеге арзандап, наркы 381,16 теңгени түзгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0