Кыргызстан былтыр 65 миң тонна көмүр экспорттогон

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүКөмүр. Архив
Көмүр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Республикада өткөн жылы 2,4 миллиард сомдук көмүр өндүргөн. Анын ичинен 105 миллиондук кара алтынды сыртка саткан.

БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Былтыр Кыргызстандын көмүр өндүрүүчү ишканалары тарабынан 1 миллион 882 миң тонна көмүр казылган. Бул туурасында "Кыргызкөмүр" ишканасынын маалымат кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, бул мурдагы жылкыга салыштырмалуу 103 пайызды түзгөн.

Маалымат кызматында товардык продукциянын суммасы 2 млрд. 391 млн. 553 миң сомго барабар болгон. Анын ичинен жүз миллиондон ашуун көмүр сыртка сатылган.

"2015-жылы Кыргызстан Кытай, Өзбекстан жана Тажикстанга жалпы жонунан 105 миллион сомдук 65 миң тонна көмүр экспорттогон", — деп айтылат билдирүүдө. 

Көмүр өндүрүү боюнча Кыргызстанда Нарын облусу 965 миң тонна менен биринчи орунда турат. Экинчи сапта Ысык-Көл, андан кийин Баткен облусу турат.

Ишкана 2015-2016-жылдын жылытуу мезгилинде Бишкек шаарынын ЖЭБине Кавак бассейнинен 450 миң тонна көмүр жеткирилип, Ташкөмүр кен жатагынан 50 миң тонна көмүр алып келүү каралып жатканын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0