Centerra делегациясы "Кумтөр" боюнча сүйлөшүүлөр үчүн Кыргызстанга келди

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүү"Кумтөр" алтын кени. Архив
Кумтөр алтын кени. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт декабрь айынын соңунда Centerra Gold Inc.компаниясы менен реструктуризациялоо боюнча сүйлөшүүдөн чыгарын билдирген.

БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Centerra делегациясы "Кумтөр" боюнча сүйлөшүүлөр үчүн Кыргызстанга келди. Сүйлөшүүлөр шейшемби күнкүгө белгиленгенин өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Кыргыз өкмөтү декабрь айынын соңунда Centerra Gold Inc.компаниясы менен реструктуризациялоо боюнча сүйлөшүүдөн чыгарын кабарлаган.

Кумтөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өкмөт "Кумтөр" долбоорун реструктуризациялоо боюнча сүйлөшүүдөн чыкты
Centerra Gold Inc. "Кумтөр" алтын кенинин 100 пайыздык акциясынын ээси болуп саналат. 2009-жылдагы келишим боюнча Центерранын 33 пайыздык акциясы Кыргызстанга таандык. Компания Кыргызстанда жана Монголияда жайгашкан эки алтын кенге ээлик кылат.

Жогорку Кенештин токтомуна ылайык, өкмөткө 2014-жылы "Кумтөр" боюнча пайдалуу долбоор түзүп чыгуу тапшырмасы берилген.

Ага чейин парламент өкмөттүн "Кумтөрдү" улутташтыруу сунушунан баш тартып, 1-октябрга чейин кайрадан карап чыгуусун милдеттендирген эле.

Сентябрда премьер-министр Темир Сариев меселени чечүүдө буга чейинки макулдашуулардын негизинде тең үлүштүү биргелешкен ишкана ачуу жана республиканын кызыкчылыгын коргоо үчүн компаниянын башкаруу системасын чыңдоо сыяктуу эки жол бар экенин айткан. 

Жакында өкмөт парламентке мөңгүлөрдүн жанында кен казуу иштерин жүргүзүүгө байланышкан Суу кодекси боюнча сунуш киргизген. Бирок аз өтпөй киргизилген сунушту карабай турууну өтүнүп, бул аракетти өкмөт акыр аягына чейин позициясын аныктай электиги менен түшүндүргөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0