Дүйнөлүк банк Кыргызстандын энергетика тармагын реформалоого колдоо көрсөтөт

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүЭлектрикчи. Архив
Электрикчи. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Вице-премьер Олег Панкратов менен Дүйнөлүк банктын аткаруучу директору Йорг Фридендин жолугушуусунда тараптар табигый ресурстардан энергия алуу жана билим берүү тармагын күчөтүү жаатында иш алып барууга макулдашышты.

БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Дүйнөлүк банк Кыргызстандын энергетика тармагын реформалоого колдоо көрсөтө турганы вице-премьер Олег Панкратов менен Дүйнөлүк банктын аткаруучу директору Йорг Фридендин жолугушуусунан соң белгилүү болду.

Панкратов былтыркы жылы ички дүң продукция (ИДП) 3,6 пайызды түзүп, инфляция 3,5 пайызга жеткенин белгиледи. Анын айтымында, Кыргызстандын экономикалык абалы быйыл туруктуу болуп, ИДП 5,2 пайызга өсөрүнө ишеним күч.

"Мындай жогорку көрсөткүчкө Дүйнөлүк банк сыяктуу өнөктөштөрдүн колдоосу менен гана жетүүгө мүмкүн. Аталган банк менен кызматташуу аркылуу 20 жыл ичинде бир нече маанилүү долбоорлор ишке ашты", — деди Панкратов.

Фриден өз кезегинде бул өз ара пайдалуу кызматташуу экенин белгилеп, өлкөгө берилүүчү жардам улантыла турганын айтты.

"Биз Кыргызстандын энергетика тармагын реформалоого жана бюджетти пландаштырууга жардам көрсөтөбүз. Мындан улам жакын арада өлкөнүн бюджеттик кодекси кабыл алынат деп ишенебиз", — деди ал.

Жолугушуу маалында тараптар табигый ресурстардан энергия алуу жана билим берүү тармагында иш алып барууну күчөтүүгө макулдашышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0