ТИМ: санкциялардын жоюлушу кыргыз-иран мамилелерин жандантат

CC BY 2.0 / yeowatzup / Behesht-e Zahra, Tehran, IranИрандын желеги. Архив
Ирандын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Динара Кемелова Иран элчиси менен жолугуп, кыргыз-иран кызматташуусу жана буга чейинки келишимдердин аткарылышын талкуулашты.

БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Иранга каршы санкциялардын жоюлушу кыргыз-иран мамилелерин жигердештире турганын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Тышкы иштер министринин орун басары Динара Кемелова Ирандын Кыргызстандагы элчиси Наджафи Али Хошруди менен жолугуп, иран тарапты өзөктүк программа боюнча кырдаалдын жөнгө салынышынан улам санкциялардын алынышы менен куттуктады. 

"Кемелова санкциялардын жоюлушу кыргыз-иран экономикалык жана финансылык мамилелерди жигердештирүү үчүн жакшы негиз болуп бере турганын айтты", — деп айтылат билдирүүдө.

Тараптар саясий, социалдык-экономикалык жана маданий-гуманитардык жааттагы кыргыз-иран мамилелеринин өнүгүшүн талкуулашты. Мындан тышкары, өткөн жылдын сентябрь айында президент Алмазбек Атамбаевдин аталган өлкөгө расмий иш сапарында жетишилген макулдашуулардын ишке ашырылышына өзгөчө басым жасалды.

АКШнын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
АКШ санкциядан бошотулган ирандык ишканалардын тизмесин жарыялады
Иран Ислам республикасынан дүйнө коомчулугу тарабынан киргизилген санкциялар алынды. МАГАТЭ Иран өлкө үчүн түзүлгөн өзөктүк потенциалды төмөндөтүү программасын ишке ашырууга даяр экенин билдирди.

Муну менен бирге санкциялардын алынышын Европа жана Америка расмий тастыктады. Ага ылайык, Иран 20 жылдан берки чектөөдөн чыгып, дүйнө коомчулугунун жашоосуна активдүү катыша алат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0