Өкмөт 2016-жылга иш планын бекитти

Жазылуу
Өкмөттүн 2016-жылга карата иш планы негизинен каатчылыкка каршы күрөшүү, бааны турукташтыруу, бизнести колдоо, өлкөнүн экономикалык коопсуздугун күчөтүү сыяктуу маселелерге багытталган.

БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Өкмөт дүйнөдөгү жана ЕАЭБ айдыңындагы экономикалык каатчылыкка байланышкан тышкы тобокелчиликтерди кыскартууга багытталган иш-аракеттердин планын бекитти. Бул туурасында Экономика министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Чек ара зымы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өкмөт кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимдин долбоорун жактырды
План 11 бөлүктөн туруп, макроэкономикалык туруктуулукту, инвестиция тартууну, экспортту өнүктүрүү жана импортту алмаштыруу, аймактарды өнүктүрүү, ошондой эле калктын аяр катмарын социалдык жактан колдоо чараларынан турат. 

Өкмөттүн 2016-жылга карата иш планы негизинен каатчылыкка каршы күрөшүү, бааны турукташтыруу, бизнести колдоо, өлкөнүн экономикалык коопсуздугун күчөтүү сыяктуу маселелерге багытталган. Андан сырткары доллардан акырындык менен баш тартуу аракеттери да көрүлөт. 

Мындан тышкары, планда жаңы өндүрүш кубаттуулуктарды иштетүү, туристтик сектор менен транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү каралган.

Жаңылыктар түрмөгү
0