Эки жылда Кыргызстанда 77 улуттук долбоордун 17си гана аяктаган

© Пресс-служба НЭСКЭлектр линиялар. Архив
Электр линиялар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кийинки кезекте дагы жалпы суммасы 1 миллиард 131,5 миллион доллар болгон 47 долбоорду ишке ашыруу турат. Бул каражатка беш багыттагы долбоорлор ишке ашат.

БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Туруктуу өнүгүүнүн улуттук стратегиясынын алкагында пландалган 77 долбоордун 17си гана аяктаганын Экономика министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Сариев: Кара-Кече кенин өздөштүрүү менен 10 миң жаңы жумушчу орун түзүлөт
2013-жылдын декабрь айынан 2015-жылга чейин аталган долбоорлорду ишке ашыруу үчүн 692 миллион 300 миң доллар бөлүнгөн.

Эң көп долбоор агроөндүрүш комплексинде актаган. Бул багытта 7 долбоор, энергетика тармагында беш, ушундай эле көлөмдөгү долбоор транспорт, коммуникациялар тармагында ишке ашкан.

Ошол эле учурда 47 улуттук долбоорду ишке ашыруу иштери жүрүп жатат.

Бул жакка агроөнөржай комплекси, энергетика, транспорт жана коммуникациялар, өндүрүш-логистикалык жана тоо-кен тармагындагы долбоорлор бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0