Дүйнөлүк банк: кыргыз өкмөтү экономикалык татаал абалдан кыйгап өтө алды

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевДүйнөлүк банктын Борбор Азия боюнча директору Сарож Кумар Джа кызматтык миссиясы аякташына байланыштуу премьер-министр Темир Сариев менен жолугушуу учурунда.
Дүйнөлүк банктын Борбор Азия боюнча директору Сарож Кумар Джа кызматтык миссиясы аякташына байланыштуу премьер-министр Темир Сариев менен жолугушуу учурунда. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйнөлүк банктын Борбор Азия боюнча директору Сародж Кумар Джа өкмөт башчы менен жолугушуп жатып, аталган уюм мындан ары да Кыргызстан менен кызматташууга даяр экенин айтты.

БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Кыргыз өкмөтү экономикалык татаал абалдан кыйгап өтө алды. Бул тууралуу Дүйнөлүк банктын Борбор Азия боюнча директору Сарож Кумар Джа кызматтык миссиясы аякташына байланыштуу премьер-министр Темир Сариев менен жолугушуу учурунда билдирди.

Өкмөт башчы Дүйнөлүк банкка активдүү кызматташуусу үчүн ыраазычылык билдирип, 

Тыгыз ала-катнаштын аркасында бир катар маанилүү программалар ишке ашырылганын белгиледи. 

"Дүйнөлүк банк менен акыркы жылдары бир катар реформаларды ишке ашыра алдык. Олуттуу реформаларга жана өзгөртүүлөргө барган өлкөлөр гана ийгиликке жетишерин түшүнүүдөбүз", — деди Сариев.

Өз кезегинде Сарож Кумар Джа Кыргызстанда орун алган оңдуу өзгөрүүлөрдү белгиледи.

"2016-жыл жана келерки эки жыл дүйнөлүк экономика үчүн абдан татаал жылдардан болот, анын учкундары Борбор Азия өлкөлөрүнө да тиет. Ошентсе да өткөн жылы кыргыз өкмөтү экономикалык татаал абалдан кыйгап өтө алды. Өткөн жылдарга салыштырмалуу көптөгөн өзгөрүүлөрдү жасоого мүмкүндүк болду. Дүйнөлүк банк мындан ары карай дагы Кыргызстан менен кызматташууну улантууга даяр", — деди ал.

Сарож Кумар Джа 2016-жылы экономиканын ар кыл тармактарындагы эксперттердин техникалык тобу долбоорлор менен иш алып барарын белгиледи. Мындан тышкары, ал өлкөдөгү инвестициялык абалды жакшыртуу, аяр финансылык тармактардагы бир катар программаларды мониторингдөө жана натыйжалуу башкаруу жаатындагы реформаларды өбөлгөлөө үстүндө иш алып бара турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0