Тоо-кендерине болгон инвестицияны 5 млрд.долларга жеткирүү каралууда

© Sputnik / Андрей Попов / Медиабанкка өтүүКарьер. Архив
Карьер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Инвесторлорду тоо кен тармагына тартуу үчүн өкмөт 2015-2035-жылдарга өнүктүрүү планын түзгөн. Анда инвесторлорго жер бөлүп берүү жана башка керектүү шарттарды түзүп берүү каралган.

БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Жыл сайын Кыргызстандын тоо-кен тармагына 2-2,5 миллиард сом салынып келген. Мындан ары өнүктүрүү стратегиясы инвестицияны беш миллиард долларга чейин жеткирүүнү көздөп жатат. Бул тууралуу Экономика министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Талды-Булак Сол жээк кенинин кызматкерлери нааразычылыкка чыгышты
Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча пайдалуу кендер ИДПнын 0,9 пайызын түзөт. Тоо-кендерин иштетүү экономиканын өсүшүнө чоң салым кошооруна байланыштуу, өкмөт орчундуу көңүл бура баштаганы маалыматта белгиленет. 

Бүгүнкү күндө тоо-кен тармагын иштетүү активдүү фазага жете элек. Мындай көрүнүш инвестициянын жетиштүү деңгээлде келбей жатканына байланыштуу экенин Экономика министринин орун басары Туратбек Жунушалиев билдирген.

Инвесторлорду тоо-кен тармагына тартуу үчүн өкмөт 2015-2035-жылдар аралыгына өнүктүрүү планын түзгөн. Анын ичине инвесторлорго жер бөлүп берүүнү жеңилдетүү каралган. 

Мындан сырткары инвесторлорго уруксат кагазын алууда, юридикалык документтерди бүткөрүүдө жеңилдиктер бериле баштайт. 

Жаңылыктар түрмөгү
0