Кыргызстанда дизель майы 2 сомго арзандады

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүМай куючу пистолет. Архив
Май куючу пистолет. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дизелден тышкары бензинге болгон баа да төмөндөгөн. Буга мезгилдик фактор менен нефтинин арзандашы себеп болуп жатканы айтылууда.

БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Бүгүнтөн баштап Кыргызстандын бардык аймагында дизель отунуна болгон баа 2 сомго арзандаганын нефтетрейдерлер ассоциациясы билдирди.

Маалыматка ылайык, мындан тышкары, Аи-95 маркасындагы бензин 1 сомго, Аи-80 — 50 тыйынга жана Аи-92 түндүк райондордо 2, ал эми түштүк аймакта 1 сомго арзандаган.

Ассоциация күйүүчү майга болгон баанын төмөндөшүнө мезгилдик фактор жана чийки нефтинин арзандашы таасир этип жатканын белгилейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0