10:04 12 Бештин айы 2017
Түз эфир
Куруучу жумуш учурунда. Архив

Жеткиликтүү турак жай курууга Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду жардам берет

© Sputnik / Константин Чалабов
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
70 0 0

Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду былтыртан баштап өкмөттүн мамлекеттик кызматкерлер үчүн жеткиликтүү ипотека берүү программасын колдоо максатында турак жай курулуш базарын иликтеп келген.

БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду мамлекеттик кызматкерлер үчүн ипотекалык турак жай курууга жардам берет. Аталган фонд бул боюнча Нарын жана Талас облусунун жетекчилери менен жолукканын мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, тараптар ар бир аймактын жеткиликтүү турак жайга муктаждыгын талкуулап, анын курулушу боюнча кызматташуу маселелери ортого салынды.

Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду былтыртан баштап өкмөттүн мамлекеттик кызматкерлер үчүн жеткиликтүү ипотека берүү программасын колдоо максатында турак жай курулуш базарын иликтеп келген. 

Натыйжада учурда аталган фонд республиканын бардык дубандардын жетекчилери менен жолугуп, жакын арада курулуш иштерин баштоого белсенип жатат.

Тема боюнча

Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун эсебине кезектеги 50 млн. доллар келип түштү
Белгилер:
өкмөт, фонд, ипотекалык насыя, турак-жай, курулуш
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ