Улуттук банк жыл башынан бери 28 млн. чукул доллар сатты

Жазылуу
Улуттук банк январь айынын ичинде ушуну менен валюта рыногуна беш ирет каражат салды. Кечээ 6,8 миллион доллар сатылды.

БИШКЕК, 13-янв — Sputnik. Улуттук банк жыл башынан тарта 28 миллион долларга чукул каражат сатты деп айтылат финансылык институттун сайтында. 

Кечээ Улуттук банк 6,8 миллион доллар, ал эми жыл башынан бери 27 миллион 750 миң доллар саткан. 

Бишкектеги акча алмаштыруучу жеке жайларда доллардын курсу бир жарым ай 76 сомдун тегерегинде кармалып туруп, дүйшөмбү күнү, 11-январда 0,3 сомго көтөрүлдү.

Сариев ипотекалык кредит алгач кимге берилээрин айтты
Доллардын расмий курсу кечээ Россиянын банктарындда 76,6041 рублге чейин өскөндүгүн РИА Новости билдирди. 

Казакстандын валюта рыногунда 8,19га өсүп, бир доллар 370 тенге деп бааланды. 

Brent үлгүсүндөгү мунайдын баасы 31,89 болду.

Өткөн жылы Кыргызстандын Улуттук банкы рынокко 40 ирет чыгып, анын ичинен 35 ирет валюта саткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0