Данил Ибраев: ЕАЭБ ичинде чечилбеген эки маселе бар

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевЕвразиялык экономикалык комиссия коллегиясынын мүчөсү Данил Ибраев. Архив
Евразиялык экономикалык комиссия коллегиясынын мүчөсү Данил Ибраев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда ЕАЭБ алкагында кызматташуунун келечеги, тагыраак айтканда, транспорт жана энергетиканын жалпы рыногун түзүү маселеси талкууланды.

БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. Евразиялык экономикалык комиссия коллегиясынын мүчөсү Данил Ибраев ЕАЭБ ичиндеги кайсы маселелерди чечүү керектигин айтып берди. Бул тууралуу Экономика жана өнөр жай министрлиги билдирди.

2015-жыл жыйынтыгы: шайлоо, дипломатия жана мамилелер жаатындагы изденүүлөр
Бишкекте шаршемби күнү «Кыргызстандын энергетика, транспорт жана инфраструктуралык абалы. ЕАЭБ алкагындагы кызматташуунун келечеги» аттуу жыйын өттү. Ортого салына турган маселелердин катарына 2025-жылга чейинки энергетика, газ, нефть, мунай заттары жана транспорттук тейлөө жаатында жалпы рынок түзүү кирди.

Ибраевдин айтымында, ЕАЭБ алкагында энергоресурстарды ташуу системасынын жеткиликтүү эместигин жана атаандаш болуучу рыноктордун жоктугун көйгөй катары кароо зарыл.

Экономика жана өнөр жай министрлиги ЕАЭБ боюнча келишимге ылайык, электр энергиясынын жалпы рыногу 2019-жылы, ал эми газ рыногу 2025-жылы түзүлүшү керектигин белгилейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0