Азыркы депутаттар 60 млн. сомдон ашуун каражатты үнөмдөйбүз деп жатышат

© Sputnik / Табылды КадырбековСтолдогу акча жана көз айнек. Архив
Столдогу акча жана көз айнек. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлдөрү бюджеттик каражаттарды кызматтык унаа, айдоочулардан баш тартуу менен үнөмдөйбүз деген ниетте.

БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары бюджеттик 60 миллион сомдон ашуун каражатты үнөмдөөгө ниет кылып жатышат деп парламенттин маалымат кызматы билдирди.

"2016-жылы VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттарынын ишмердүүлүгүндөгү бир катар кепилдиктерден баш тартуусу жана депутаттык фонд түзүүсү менен, бюджеттен дагы 60 миллион сомдон ашуун каражаттын үнөмдөлүшү күтүлүүдө", — деп маалыматта белгиленет.

Тыйындар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда депутаттын фонду иштей баштайт
Депутаттар шайланып келгенден тарта 2015-жылдын аягына чейин 26 миллион сомго жакын бюджеттик каражатты үнөмдөгөндүгүн кошумча билдирди.

Кызматтык автоунаадан баш тартканы менен эл өкүлдөрүнүн кызматтык үй жана ай сайын майга каралган 40 миң сом сыяктуу артыкчылыктары ошо боюнча калды.

Парламентарийлер өткөн жылдын ноябрь айынын соңунда көпчүлүк добуш менен кызматтык үй, KG мамлекеттик номур, санаторий жана курорттук эс алуу менен бир жардамчы, бир консультантты калтырууну чечишкен.

Анткен менен ЖК төрагасы жана анын орун басарларына "Кадиллак" унааларын калтырышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0