Кыргызстан Казакстандан электр энергиясын сатып алат

© Пресс-служба НЭСКЭлектр линиялары. Архив
Электр линиялары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казак тарап энергиянын бир кВт/саатын 10,88 теңгеден (болжол менен 2 сом 40 тыйындан) сатат.

БИШКЕК, 5-янв. – Sputnik. Казакстандын Экибазстуз электр станциясы Кыргызстанга 100 миллион киловатт-саат электр энергиясын бере турганын Экономика жана өнөр жай министрлиги билдирди.

Токтогул ГЭСи. Архив - Sputnik Кыргызстан
Токтогул ГЭСи реконструкцияланып, кубаттуулугу жогорулайт
Маалыматка ылайык, "Электр станциялары" ишканасы аталган компания менен электр энергиясын жеткирүү боюнча келишим түзгөн. Ага ылайык, казак тарап энергиянын бир кВт/саатын 10,88 теңгеден (болжол менен 2 сом 40 тыйындан) сатат. Мында импорт кошумча нарк салыгынан бошотулган.

Муну менен бирге Кыргызстандагы бардык ГЭС менен ТЭЦтердеги жабдуунун абалы текшерүүгө алынат.

Электр энергиясынын импорту муктаждык жаралган учурда гана пайдаланылат. Министрлик учурда өлкөнүн муктаждыгын жабууга мамлекеттин ички ресурсу жетиштүү экенин белгилейт.

Өткөн жылдын аягы менен Токтогул ГЭСинде авария катталып, ушу тапта аны калыбына келтирүү иштери күнү-түнү жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0