Кыргызстан Кытайдан жогорку технологиялык ишканаларды тартып келүү ниетинде

© AFP / WANG ZHAOКытай заводундагы жумушчу. Архив
Кытай заводундагы жумушчу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кытайда жогорку технологиялуу ишканалар абдан арбын. Биздин өлкөнүн алардын бир бөлүгүн өзүнө тартып, коңшулар менен бул жаатта атаандаштыкка чыгуу мүмкүнчүлүгү бар.

БИШКЕК, 3 — янв. — Sputnik. Келечектин максаттарынын бири – Кытайдан ишканаларды Кыргызстанга тартуу деп билдирди Эрлан Абдылдаев.

Анын айтымында, Евразиялык интеграциялык биримдиктин жана "Улуу Жибек Жолу" долбооорунун алкагында реэкспорттук экономикадан өнөр жай өндүрүшүнө өтүү керек.

"Бүгүн биз Кытайда төртүнчү-бешинчи муундагы ишканалар көптүк кылып жаткандыгын айтуудабыз. Аларды Кыргызстандын аймагына которууну жана өндүрүш кубатын өнүктүрүүнү караштырып жатабыз", — деди министр.

Анын айтымында, бүгүн башка өлкөлөр да кытайлык ишканаларды өздөрүнүн аймактарына алып кирип иштеткенге даяр турушат жана мындан Кыргызстан да четте калбашы керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0