Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун эсебине кезектеги 50 млн. доллар келип түштү

Жазылуу
Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду дагы бир банк аркылуу насыя берүүнү чечти

БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. Шаршемби күнү Кыргыз-орус өнүктүрүү фондусунун эсебине Россиядан 50 миллион доллар өлчөмүндө кезектеги транш келип түшкөнүн аталган фонд билдирди.

Бишкек менен Көлдөгү аэропорттун ремонтуна Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду акча бөлөт
Бүгүнкү күндө фонддун атайын эсебине түшкөн каражат 350 миллион долларга жетти.

Буга чейин фонддун башкармалыгы жалпы суммасы 25 миллионду түзгөн беш долбоорду жактырган. Бул долбоорлор экономиканын маанилүү тармактары болуп саналат. 

Кыргыз-орус өнүктүрүү банкы чакан жана орто бизнести колдоо боюнча эки мамлекеттик банк аркылуу насыя берүүнү улантып, ишкерлерди каржылоо үчүн дагы "Кыргыз инвестициялык-насыялык банк" жабык акционердик коому менен сүйлөшүү жүргүзүп жатат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0