18:23 07 Чын Куран 2020
Түз эфир
  • USD84.8713
  • EUR91.6016
  • RUB1.1108
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
36 0 0

Башкы банк жылдын акыркы айында 13 ирет интервенцияга чыкты. Ал эми жыл башынан бери жалпы жонунан 318,2 миллион доллар саткан.

БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Улуттук банк дүйшөмбү күнү 1,8 миллион доллар сатып, дагы бир ирет интервенция жасады.

Бул банктын декабрдагы он үчүнчү ирет валюта базарына чыгуусу болуп саналат. Айдын башынан бери 24 миллион 450 миң доллар сатылды. Ал эми ноябрь айында Улуттук банк беш ирет интервенция жасаган. 

Жыл башынан бери Улуттук банк 37 жолу базарга чыгып, анын бешөөндө гана доллар сатып алган. Ал эми жалпысынан сатылган доллардын көлөмү 318,2 миллионго жеткен.

Интервенция үчүн Улуттук банк эл аралык валюта резервин пайдаланып келет. Ноябрдын соңуна карата резервде 1 миллиард 737 миллион доллар бар экени маалым болгон. 

Эскерте кетсек, сомдун куну америкалык валютага карата 26,7 пайызга төмөндөп кеткен. Учурда бир доллар 75,9 сомдон сатылууда. 

2015-жылдын 1-январынан 24-декабрына чейин доллардын курсу
2015-жылдын 1-январынан 24-декабрына чейин доллардын курсу

Тема боюнча

Кыргызстанда сом долларга караганда 2,5 эсе аз
Кыргызстанда жасалма доллар саткан топтун курамында милиция кызматкерлери аныкталды
Белгилер:
сом, доллар, интервенция, Улуттук банк

ЭҢ МААНИЛҮҮ