Көмүскөдөгү кыргыз сому. Улуттук валютанын эскиздери

© Диля РодионоваУлуттук валютанын эскизи. Архив
Улуттук валютанын эскизи. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук валюта азыркыдан таптакыр башкача болушу толук мүмкүн эле. Банкноталарга башка атактуулардын сүрөтү түшүрүлүп, өң-түсү жана андагы жазуулары боюнча асман менен жердей айырмасы болмок.

БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Улуттук банкта Кыргызстандын ар кыл мезгилинде пайдаланылып келген банкнота менен валютанын түрүн сактаган нумизматикалык музейи бар. 

Бул жерде байыркы кыргыздар колдонуп келген бычак тыйын, орто кылымда кеңир жайылган ортосунда төрт бурчтуу тешиги бар кытай акчалары, орус валютасы турат. 

1993-жылы улуттук валютаны киргизерден мурда сүрөтчүлөр анын бир катар эскиздерин иштеп чыгышкан. Баса, Кыргызстан КМШ мамлекеттеринин ичинен алгачкылардан болуп өз валютасын киргизген өлкө болуп саналат. Ал эми анын "сом" деген аталышы үчүн да Казакстан менен бир топ атаандашууга туура келген.

© Фото / Диля РодионоваУлуттук банкта Кыргызстандын ар кыл мезгилинде пайдаланылып келген банкнота менен валютанын түрүн сактаган нумизматикалык музейи бар.
Улуттук банкта Кыргызстандын ар кыл мезгилинде пайдаланылып келген банкнота менен валютанын түрүн сактаган нумизматикалык музейи бар. - Sputnik Кыргызстан
1/4
Улуттук банкта Кыргызстандын ар кыл мезгилинде пайдаланылып келген банкнота менен валютанын түрүн сактаган нумизматикалык музейи бар.
© Диля РодионоваБул жерде байыркы кыргыздар колдонуп келген бычак тыйын, орто кылымда кеңир жайылган ортосунда төрт бурчтуу тешиги бар кытай акчалары, орус валютасы турат.
2/4
Бул жерде байыркы кыргыздар колдонуп келген бычак тыйын, орто кылымда кеңир жайылган ортосунда төрт бурчтуу тешиги бар кытай акчалары, орус валютасы турат.
© Диля Родионова1993-жылы улуттук валютаны киргизерден мурда сүрөтчүлөр анын бир катар эскиздерин иштеп чыгышкан.
3/4
1993-жылы улуттук валютаны киргизерден мурда сүрөтчүлөр анын бир катар эскиздерин иштеп чыгышкан.
© Диля РодионоваБаса, Кыргызстан КМШ мамлекеттеринин ичинен алгачкылардан болуп өз валютасын киргизген өлкө болуп саналат.
4/4
Баса, Кыргызстан КМШ мамлекеттеринин ичинен алгачкылардан болуп өз валютасын киргизген өлкө болуп саналат.
1/4
Улуттук банкта Кыргызстандын ар кыл мезгилинде пайдаланылып келген банкнота менен валютанын түрүн сактаган нумизматикалык музейи бар.
2/4
Бул жерде байыркы кыргыздар колдонуп келген бычак тыйын, орто кылымда кеңир жайылган ортосунда төрт бурчтуу тешиги бар кытай акчалары, орус валютасы турат.
3/4
1993-жылы улуттук валютаны киргизерден мурда сүрөтчүлөр анын бир катар эскиздерин иштеп чыгышкан.
4/4
Баса, Кыргызстан КМШ мамлекеттеринин ичинен алгачкылардан болуп өз валютасын киргизген өлкө болуп саналат.

Жалпы жонунан 22 жыл ичинде Кыргызстанда улуттук валюта төрт ирет чыгарылды. Алгачкы кагаз тыйындар көлөмү жагынан окшош келип, түсү жана номиналы боюнча айырмаланып келген. Коргоочу белгилери да абдан аз болгон.

1 тыйын — кызыл, 10 тыйын — жашыл, ал эми 50 тыйын — көк түстө чыгарылган. Бирок баары башкача болушу да мүмкүн эле. 

Экинчи ирет улуттук валюта 1994-1995-жылдары басылып чыгып, ошондо алардын беттеринде атактуулардын — Абдылас Малдыбаев, Бүбүсара Бейшеналиева, Касым Тыныстанов менен Тоголок Молдонун сүрөттөрү чагылдырыла баштады. Бирок алардын өңү азыркыдан таптакыр айырмаланып турушу ыктымал болчу.

1997-жылдан тарта улуттук валюта үчүнчү жолу басылып чыкты. Бара-бара пайдаланууга коргоочу белгилери жакшырган 1, 5, 10, 20, 50, 100 сомдук акча киргизиле баштады. Ал эми мындан 15 жыл мурун 200, 500 жана 1000 сомдуктар чыкты. Мында да сүрөтчүлөр бир топ эскиздерди даярдап, алсак, 1000 сомдун боз өңүнүн ордуна гүлгүн болсо, 200 сомдук лимондой сары түскө ээ болмок.

Сариев улуттук валютаны турукташтырууга күч жетерин билдирди
Улуттук банктын акыркы эмиссиясы 2009-жылы болуп, анда акырындап бардык номиналдагы акча жаңырган. Ошондо 1, 5 жана 10 сомдук купюра пайдалануудан алып салынып, алардын ордуна тыйындар жүгүртүлө баштаган. Ошол эле учурда жашыл түстөгү 5000 сом чыгып, ага Сүймөнкул Чокморовдун сүрөтү түшүрүлгөн. Белгилей кетүүчү нерсе, дал ушул валюта банкноттордун дүйнөлүк сынагында байгелүү орунга ээ болгон.

Негизинен 500 жана 1000 сомдук купюралар жасалмолоого көбүрөөк туш болору белгилүү, Бирок учурда аларды саны бардык акчага карата 0,0001 пайызды түзөт.

Башкы банк жакын арада улуттук валюта жаңырбай турганын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0