Кыргызстанда бензиндин наркы дагы 1 сомго арзандады

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүАвтозаправочная станция. Архивное фото
Автозаправочная станция. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Нефтетрейдерлер ассоциациясы мындай көрүнүштү мезгилдик факторго жана базарда сунуштун көбөйүшүнө байланыштырууда.

БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Бүгүнтөн баштап Кыргызстандын аймагында бензиндин баасы арзандаганын Нефтетрейдерлер ассоциациясы билдирди.

Токмоктогу нефтини кайта иштетүүчү заводу ишке кирди
Маалыматка ылайык, АИ-92 маркасындагы бензин 1 сомго, ал эми Аи-80 жана Аи-95 50 тыйынга түштү. Бишкек шаарында АИ-80 34 сом, АИ-92 39,5 сом, АИ-95 43 сом жана дизель майы 36,5 сомдон сатылууда. 

Ассоциация күйүүчү майга болгон баанын арзандашын мезгилдик факторго байланыштырууда. Россиялык рынокто нефть өндүрүмүнүн сунушу көбөйүп, талап азайганы айтылууда.

Мындан 10 күн мурун бензин Кыргызстандын түндүк аймагында 50 тыйынга, ал эми түштүгүндө 1 сомго арзандаган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0