Экономика министри кытай инвесторлорун Кыргызстанга чакырды

© Sputnik / Жоомарт УраимовПекинде кыргыз-кытай инвестициялык форум өттү.
Пекинде кыргыз-кытай инвестициялык форум өттү. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Атка минер кыргыз өкмөтү бардык инвесторлор үчүн административдик тоскоолдуктарды кыскартуу боюнча иш жүргүзүп жатканын белгиледи.

ПЕКИН, 17-дек. — Sputnik. Бардык инвесторлор үчүн өлкөдө шарт бирдей, Кыргызстанга кош келиңиздер, деди экономика жана өнөр жай министри Арзыбек Кожошев кытайлык инвесторлорго кайрылып жатып.

Пекинде кыргыз-кытай инвестициялык форум өтүп, анда кытайлык инвесторлорго Кыргызстанда ишкерлик жүргүзүүнүн мүмкүнчүлүктөрү көрсөтүлдү.

Кожошевдин айтымында, өкмөт учурда инвесторлор үчүн административдик тоскоолдуктарды кыскартуу боюнча иш жүргүзүүдө.

"Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстанды бизнес үчүн бейишке айландыруу маселесин койгон. Өлкөдө инвестициялык режим жергиликтүү ишкерлер үчүн да, чет элдик инвесторлор үчүн бирдей", — деди министр.

Атка минер Кыргызстанда коңшу өлкөлөргө караганда салык системасы либералдуу экенин белгилеп, кошумча нарк салыгы 12 пайызды түзсө, киреше салыгы 10 пайыздын чегинде экенин кошумчалады.

Мындан тышкары, КЫргызстанда электр энергиясы жана жумушчу күчү арзан экени айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0